Александр Масляковго “Достук” ордени ыйгарылды

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:13

КВНдин президенти Александр Масляков “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Президент Алмазбек Атамбаев КВНдин президенти Александр Масляковду Кыргызстандын жана Россиянын элдеринин ортосундагы достуктукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Ошондой эле Өзбекстандык композитор жана аткаруучу “Ялла” тобунун көркөм жетекчиси Фаррух Закиров да Кыргызстандын жана Өзбекстандын элдеринин ортосундагы достуктукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн “Достук” орденине татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!