Кыргызстанда аба каттамдар арзандайт

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:07

Өлкө ичиндеги аба каттамдардын билети арзандайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, Транспорт министрлиги авиакомпанияларга ички каттамдарга акыны 4 миң 500 сомдон жогорулатпоо тапшырмасын берген.

“Биз аларга чектөө киргизе албайбыз. Авиакомпаниялар өзү чечет. Бирок, арзандатуу сунушун киргизгенбиз. Бир айдын ичинде билет акысы арзандап калат. Негизинен бул атаандаштыкка байланыштуу”, -дейт Калилов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!