Жүрөгүнө бычак жеген кыргызстандык тирүү калды

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:18

Москванын түштүк батышында жүрөгүнө бычак жеген кыргызстандык жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматынын билдиргени боюнча бычактан жаракат алган жаранды Азовская көчөсүндө соода борборунун кире беришинде эс учун танган абалда табышкан. Ал 18 жаштагы Кыргызстандын жараны. Ал ооруканага жеткирилген. Анын жүрөгүнө бычак сайылган. Учурда дарыгерлер көзөмөлдөп жатат.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!