​Интернеттештирүүгө инвестор изделүүдө

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:48

2,5 жылдын ичинде Кыргызстандын ар бир айылына интернет жана санариптик телеберүү жеткирилет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралган жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

“Биз айыл калкына жеткиликтүү болгондой тариф менен интернет жана санарип телеберүү менен камсыз кылалы деп жатабыз. Бул иштер 2 жарым жылдын ичинде ишке ашат деп ойлоп жатам”,-дейтИсаков.

Учурда аталган долбоорго өкмөт инвестор издеп жатат.

“Азыркы кезде биз Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер каражат бөлүнүп калса калкты интернеттештирүү долбоорун жаз айлары менен ишке ашыра баштайбыз”,-деп кошумчалап кетти өкмөт башчы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!