​“Кара тизмедеги” кыргызстандыктардын саны өстү

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:25

52 миң кыргызстандыкка Россияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 92 миңге жетет. Соттун чечими менен 52 миң кыргызстандыкка Россияга кирүүгө тыюу салынды. Калгандары миграциялык талаптарды бузушкандар.

Эскерте кетсек, учурда Россияда иштеп жүргөн жарандардын саны 616 миңден ашат.2017-жылы кыргыз мигранттары тарабынан жасалган кылмыштардын саны 1 миң 419га жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!