Мүмкүнчүлүгү чектелген Розанын чексиз кыялдары

1-Дек. 2017, Жума, 16:16

43 жаштагы Роза Бегалиева 17 жылдан бери тагдыр сыноосу менен күрөшүп, аны жеңүүгө жан үрөп келет. Анын эртеден кечке эрмеги – илмек. Кийим-кечелерди колго түйүү менен дары-дармек, башка чыгымдарына каражат табат.

Роза 1973-жылы Ысык-Ата районунда туулган. Казакстандын Тараз шаарында соода кылып жүргөн кезинде капыстан жол кырсыгына кабылган. Ал кезде Роза болгону 27 жашта болгон. Авто кырсыкта бели сынып, ички органдары катуу жабыркаган. Үч жылдай өзүнө келе албай жүрүп, 2003-жылдан баштап отурганга, өз алдынча тамак ичкенге акырын көнө баштаган. Мына ошондон баштап Роза үчүн жашоо менен күрөш башталат.

Ага биринчи кезекте караан туткан апасы менен бир тууган сиңдиси жардам берет. Атасы айыккыс илдеттен улам кайтыш болгон. Розага адегенде апасы илмекке жипти кантип илүү алуу керектигин үйрөткөн. Токуунун калган сырларын Роза эски китеп, журналдар аркылуу өздөштүргөн. 14 жылдан бери өзү түйгөн кийимдерди сатып, дары-дармек, жол акысы жана башка муктаждыктарына жумшайт. Интернеттин кеңири жайылышы бир орунда отурган Розанын ишин алда канча жеңилдетти. Ал токуган буюмдарын социалдык желелер аркылуу жарнамалап, Кыргызстандан сырткары Россия, Казакстандан буюртмаларды алат.

«Апам менен сиңдим базардан жип алып келип беришет. Мен токуйм. Токуган кийим-кечелерди алар кайра базарга алпарып өткөрүп келишет. Бирок дароо эле сатыла койбойт. Ошол себептүү буюртма берген кардарларга гана токуйм. Антпесем, токуп алып, сатылбаган соң көздүн нуру, убакыт, колдун күч, мээнет текке кетет»,-дейт Роза.

Розанын тилеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол эмгегине таандык буюмдар үчүн атайын дүкөн ачылса…

«Бизге окшогон адамдар үчүн дукөн ачып койсо жакшы болмок. Мага окшоп иштеген майыптар көп. Дүкөн болсо, ал жерге баарыбыз кол өнөрчүлүк буюмдарыбызды өткөрүп берсек, жакшы болмок. Токуу бат эле, бирок сатуу көп убакытты алат»,-деди.

Розага айыл өкмөт тарабынан бир жылда көмүр үчүн 2000 сом, дары-дармек үчүн 2000 сом берилет. Майыптар күнүндө 500 сом беришет. Башка олуттуу жардам жок.

«Маселен мен жылына бир ирет Кантка барып ооруканага жатып, дарыланып турам. Ал үчүн такси жалдашым керек. Коомдук унаада жүрө албайм. Алты айда бир шаарга барып дарыланам. Ал жакка да такси менен барам. Биз үчүн санаторийге барып эс алууга жолдомо берилет экен. Аны 2015-жылга чейин билбептирбиз. Же соцкызматкерлер бизге айтпаптыр. Мындан эки жыл мурун апам жогорку бийлик органдарына кирип, талап койгондо соцкызматкерлер шаша-буша санаторийге жиберишти. Мен сыяктуу жолдомо берилерин билбеген майып жарандарыбыз көп»,-деди.

Кийим-кече токуу Роза үчүн кошумча каражат табуунун улагы гана болбостон, анын хоббиси.

«Кийим токуганда бир чети өзүм алаксыйм. Экинчиден, жок дегенде жол акыма каражат чыгып калсын деп эмгектенем. Жаңы үйрөнүп баштаганда түн бир оокумга чейин отуруп токучумун. Болочок буюмум кандай болот экен деп кызыгып олтура берчүмүн. Жердин үстүн бутум менен баса албасам да эки колум иштеп турганда эмгектенбесем болбос. Эгерде мен иштебесем, кантип убакыт өткөрөм? Күндүзү чарчап кечинде тынч уктайм»,-деди Роза.

Роза демөөрчүлөр болуп өзүнө окшогон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектегендерге колдоо көрсөтсө дейт.

«Бир эже мындан үч-төрт жыл мурун балдар үйлөрүнө жардам берем деп мага жаш балдардын кийимине көп санда буюртма берди. Мен анын өтүнүчүн орундаттым. 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарга кемсел токудум. Ошол эже сыяктуу деле меценанттар чыкса деп ойлойм. Балдар үйлөрүндөгү балдар-кыздарга кийимди бизге окшогон майыптарды иштетип, аларды биздин эмгек менен камсыз кылса өтө эле сонун болот эле»,-деген тилегин жашырбады.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстанда 170 миңден ашуун ден соолугунунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 30 миңге жакынын жаш балдар түзөт. Алар алты саны түгөл болбогонуна карабай коомдо кадыресе адамдардай жашагысы, иштегиси, билим алгысы келет. Деген менен Кыргызстанда алар үчүн түзүлгөн шарт, көрүлүп жаткан камкордук өз максатына жете элек. Мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулдун көлөмү үч миңге чейин.

P.S.: Урматтуу окурман, эгерде Роза айымдын кол эмгегине таандык буюмдарды сатып алууну кааласаңыз, редакция аркылуу байланышсаңыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!