Мигранттарга 213 консулдук кызмат көрсөтүлдү

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:42

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

2017-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 213 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк –76, булардын ичинен 6 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү – 49;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–5;

– виза документтери –0.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 42;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого - 7;

– КРнын жарандыгынан чыгууга – 4;

– документтерин мыйзамдаштыруу –0;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 23;

убактылуу консулдук каттоого тургандар- 2;

документтерди мыйзамдаштыруу – 0;

Нотариалдык иш-аракеттер – 5.

Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –68.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 15 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 89 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык Хамовники сотуна, жана Тверь шаарынын ИИБна, Москва шаарынын Рязвнь райондор аралык тергөө комитетине, Прага раонцнцн ИИБна чыгуулар - 7;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –2.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер–91;

– чыгыш документтердин саны – 44;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар –24 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 268 жаран.

Жалпысынан 972 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!