Мылтыкчан аңчылар колго түштү

12-Дек. 2017, Шейшемби, 11:40

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын экологдору 2017-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейинки аралыкта Нарын облусу боюнча браконьерчиликке каршы уюштурулган атайын рейддердин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Ак-Сай өрөөнүнүн Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылынын тургуну Нурмамбетов Станбек аттуу жарандын сарайынан мыйзамсыз алып жүргөн ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси табылган. Инспекторлор тарабынын текшерүүгө алганда аталган жаран ок атуучу курал алып жүрүүгө жана аӊ-терилерин чогултууга уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле, Ак-Талаа районунун Жеӊиш айылынын Саз участкасынан өзүн Моӊолов Мирлан деп тааныштырган жаран ИЖ-27 үлгүсүндөгү 2 даана ок атуучу курал алып жүргөн жеринен кармалган. Ушундай эле мыйзам бузуу фактысы менен Ак-Талаа районунун Сары-Иймек жайлоосунун Кайыӊды-Булак участкасынан Шамиев Бекболот аттуу жаран ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алып жүргөн жеринен кармалган.

Аталган жарандар алып жүргөн куралдарынын эч кандай тийиштүү документтери болгон эмес. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынын акты, протоколдор толтурулуп, мыйзам бузуу боюнча материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспекторлору мыйзамсыз анчыллыкка каршы республика боюнча рейддерди жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!