​Балатыны кайдан сатып алса болот?

14-Дек. 2017, Бейшемби, 16:05

Бишкек шаарынын тургундары үчүн жаңы 2018-жылга карата балаты базары ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Түбү менен карапага отургузулган жашыл балатыны жыл бою ушул маалда сатылып келет. Жаңы жылдан кийин балатыны жерге отургузууга болот.

15-декабрдан 31-декабрга чейин балатыларды төмөнкү дарек аркылуу сатып алууга болот:

- Ташкент көчөсү 17 дареги боюнча "Жашылдандыруу" ишканасынан.

- Медерев менен Алма-Ата көчөсүнүнүн кесилиши

- Чүй менен Чолпон-Ата көчөсүнүн кесилиши.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!