Кырсыктан жабыркагандардын абалы оор

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:13

16-декабрда Ош-Бишкек унаа жолундагы 325- чакырымындагы кырсыктан жабыр тарткан 3 адам Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу 17-декабрда Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

1. Жабырлануучу 1985-жылы туулган К.С. Анын баш мээси чайкалып, сөөктөрү жабыркаган. Реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Абалы оор.

2. Жабыркаган 1979-жылы туулган Э.Мнын баш мээси чайкалып, оң жак саны сынган. Реанимация бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган. Абалы орто.

3. Жабыркаган К.к.А. 1994-жылы туулган. Баш мээси чайкалып, көкүрөгү жана ашказанынан травма алган. Кош бойлуу 5 айлык боюнда бар. Абалы оор.

Учурда жабыркаган жарандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Эскертке кетсек, 16-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында (Торкент айылына жакын) "Степ Вагон" (мам.№ 01kg704 AAS) жана "Хендай Гетц" (мам.№ D9694E) унаалары кагылышып, натыйжада 3 адам жаракат алып, 7 адам каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!