Аярлуу жарандар жасаган буюмдар

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:25

Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол өнөрчүлүк боюнча жармаңке көргөзмөсү болуп өттү. Ага шаардык мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары келип катышышты жана аярлуу жарандардын колунан жасалган буюмдарды сатып алышты.

Бул иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жарыялаган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айлыктын алкагында өткөрүлдү. Бул тууралу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөгө үч мекемеден ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар келишип, өздөрү жасаган буюмдары менен көргөзмөгө катышышты. Алар “Данакер” коомдук фонду, “Данакер-2” коомдук фонду жана “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары эсептелишет. Жалпысынан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаран өздөрү жасаган буюмдар менен көргөзмөгө келишкен.

"Шаар мэриясы муну менен гана чектелип калбастан, мындан ары да шаардагы аярлуу катмардын жарандары менен тыгыз иштешет. Алар жардам күтүп отура бербей, өздөрү да аракет кылып, коомго аралашып жаткандан кийин мындай жарандарыбызды колдоо зарылдыгы бар. Көргөзмө ушундай жарандарыбызды колдоо иретинде жасалган иш-чаралардын бирөөсү гана, мындай иш-чаралар дагы да улантыла берет", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 3281 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 450сү 18 жашка чейинкилер. Аярлуу жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү максатында шаарда 15-ноябрдан 15-декабрга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!