Суицид тууралуу түшүндүрүштү

21-Дек. 2017, Бейшемби, 09:31

Баткен облусунун казынын кеңешчиси Мансур ажы Нарматов Баткен облусунун Баткен районундагы “Достук” чек ара бекетиндеги аскер кызматкерлерине “Мекенди сүйүү ыймандан” аттуу темада баяндама жасады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чарага “Достук” бекетинин жетекчиси Марат Эгембердиев жана мекен сакчылары катышты. Мансур ажы Нарматов чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлерге мекенди сүйүү, ата-эне, өлкө үчүн кызмат кылуунун артыкчылыктары туурасында, өзүн-өзү өлтүрүнүн шарияттагы орду туурасында айтып берди. Ошондой эле мындай иштерден оолак болууга чакырды.

Муну менен катар жолугушуунун алкагында суроо-жооптор уюштурулду. Мекен сакчылары кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!