​Бишкек-Ташкент багытында учак жүрө баштады

23-Дек. 2017, Ишемби, 15:04

Бишкек-Ташкент багытында жаңы аба каттам ишин баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Бишкек шаарынан биринчи учак саат 12:30 учуп кетти. Мындан ары бул каттам боюнча учактар жумасына 2 жолу каттап турат. Мындан тышкары 2018-жылдан баштап Ош-Ташкент-Ош аба каттамын жаңыртуу тууралуу да пландар каралып жатат.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ушул жылдын 13-14 декабрында Өзбекстанга барган расмий сапарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы учак каттамдарын кайра калыбына келтирүү макулдашылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!