​Октябрь районунда балаты жандырылды

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:32

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил багында Жаңы жылга карата Октябрь районунун башкы балатысынын оту жандырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарада район башчысы Ренат Айтымбетов шаар тургундарын жана конокторун куттуктап кирип келген 2018-жылы бардыгына ден соолук, бакыт каалады.

Балатынын бийиктиги 8 метрди түзөт. Эстрада ырчыларынын катышуусунда майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!