Студенттер балдар үйүнө белектерди тапшырды

29-Дек. 2017, Жума, 12:18

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери Сузак районунун Октябрь айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө барышып, андагы тарбиялануучуларды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Аларга оюн-зоок тартуулашып, белкетерин беришти. Бул тууралуу ЖАМУнун ректораты билдирди.

Университеттин Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынын студенттери жана окутуучулар жааматы балдар үйүндө болушуп, белек-бечкектерин берүү менен колдоп келген жардамдарын да көргөзүштү.

Бул жардамдын максаты жаштарды мээримдүүлүккө үндөө, балдар үйүндөгү өспүрүмдөрдүн келечекке үмүтүн жандыруу, турмушта өз ордун табууга стимул берүү экенин айтат декан Сапарбек Ажыкулов.

Уюштуруучулардын айтымында, балдар үйүндөгү 37 балага Жаңы жылдык белектер тапшырылып, концерттик программа да тартууланды. Ошондой эле мындай иш-чаралар ушуну менен эле токтоп калбастыгын, алдыда дагы аярлуу катмардагы жарандарга да көмөк көргөзүү тилектери бар экенин билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!