Жыртык кайык менен балык уулагандар көбөйдү

5-Янв. 2018, Жума, 11:01

Ысык-Көл районунда өткөрүлгөн рейд учурунда ири көлөмдөгү торлор жана катамаран менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарлары боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейдде, Чоң-Сары-Ой айылынан Балыкчы шаарына чейинки арылыкта 2500 метр болгон 25 даана мыйзамсыз салынган кытай торлору чечилип, жок кылынды, ал эми Тамчы айылынан Кош-Көл айылына чейинки аралыкта Чырпыкты айылынын тургуну Ш. У катамаран кайыгы менен мыйзамсыз балык уулап жүргѳн жеринен кармалган. Жеринде катамаран тартылып алынып, тийиштүү акты, протоколор толтурулду. Учурда бардык материалдар чогултулуп мыйзам чегинде чара көрүү үчүн сотко жиберилди.

Инспекторлордун айтымында, катамаран менен балык уулоо адам ɵмүрүнɵ ɵтɵ кооптуу болуп саналат. Ага карабай бүгүнкү күндɵ Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жарандар өмүргө кооптуу болгон жыртык, катамаран ɵндүү кайыктар менен мыйзамсыз балык уулоого чыгып келүүдө.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамсыз браконьерликти жоюу максатында ар убак рейддик иш чаралар, түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!