Өкмөт Бишкек-Нарын-Торугарт жолу тууралуу маалымдады

5-Янв. 2018, Жума, 14:54

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 439-479-чакырымындагы сапатынын начарлашы тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттарындагы жарыялоолорго байланыштуу өкмөттүн маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз-карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун аталган тилкесин реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Унаа жолун реабилитациялоо иштери 2013-жылы жыйынтыкталган. 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген.

2012-2013-жылкы кыш мезгилинен соң, жаңы асфальт төшөлгөн тилкеде жазылыгы 2-3 см жеткен жаракалар пайда болгон. Тилкелердеги жаракалардын пайда болушун тыкыр иликтеп чыгуу максатында экстремалдык шарттарда унаа жолдорун долбоорлоодо тажрыйбасы бар эл аралык эксперт чакырылган.

Эл аралык эксперт тарабынан жараканын пайда болуу себептерин аныктоо үчүн жарака кеткен жерде тереңдиги 2 м чейинки шурфтоо өткөрүлгөн. Натыйжада, жарака шурф жасалган тереңдике дейре жетип, андан ары карай таркалгандыгы аныкталган.

Эл аралык эксперттин тыянагы боюнча, жарака кетүүнүн негизги себеби катары жол кыртышынын негизиндеги топурактын борпоңдугуна байланыштуу тоңдун тээп чыгышы эсептелет. Аймакта тоңдун тереңдиги 1,8 – 2,0 метрге жетип, ал эми жол менен негизги кыртыштын калыңдыгы 77 см түзсө, жол кыртышынын конструкциясынан тоңдун тээп чыгышын жокко чыгарып салуу мүмкүн эмес. Тондун терендигинде керексиз топуракты алып салуу, же 1,5 м ашуун кырдалган топурак менен каттоо иштерин аткаруу жумуштун наркын кескин жогорулатып, долбоордун бюджетине туура келмек эмес.

Белгилей кетсек, жол кышында абанын кескин өзгөрүшү (күндүзү + 10 С тан, кечкисин – 40 С чейин) орун алган катаал климаттык шарттагы райондо жайгашкан. Жаракалар жаз-жай мезгилинде жер кыртышынын эришинен кийин гана жабыла баштайт, андан кийин аларды бүтөө иштери жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!