​Жаратылыш газынын баасы төмөндөдү

5-Янв. 2018, Жума, 15:10

Январь айына карата калк үчүн жаратылыш газынын бир куб метринин баасы 14 сом 42 тыйынга бааланды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өнөр жай, коммерциялык ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда бир куб метри 17 сом 67 тыйынга бекитилген.

Декабрь айында элге көгүлтүр оттун бир куб метри 14 сом 47 тыйын, ишканалар 17 сом 74 тыйындан сатылып жаткан.

Эске салсак, газдын баасы доллардын курсуна жараша коюлат. 1-январга карата доллардын расмий курсу 68 сом 83 тыйынды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!