Сүт ишканасына 20 миң сом айып салынды

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:48

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Ош-Сүт" ААКнын ишканасы экологиялык талаптарды бузуп жатат. Тагыраак айтканда, аталган ишкана өз билемдик менен, башаламан акыр чикир калдыктарын өрттөп, айлана чөйрөгө олуттуу терс таасирин тийгизген. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жеринде Мамэкотехинспециянын экологдору тарабынан мыйзамсыз калдыктарды өрттөө фактысы токтотулуп, аталган ишкананын башчыларына 20 миң сом айып салынды.

Учурда жаратылышка келтирилген чыгаша инспекторлор тарабынан өндүрүлүп, Мамлекеттин эсебине которулду. Ошондой эле, ишкананын кызматкерлерине экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптары боюнча ишмердүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!