​Искендер: "Москва көз жаштарга ишенбейт"

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:00

Москва шаарында Кыргызстандын азыктары сатыла турган “Датка” дүкөнүн негиздеп ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын чет өлкөгө экспорттолуусуна шарт түзүү максаты менен жүргөн мекендешибиз Искендер Дүйшөналиев “Zaman kg” сайты менен учурда жазап аткан иштери жана максаттары тууралуу ой бөлүштү.

Каарманыбыз мектепти аяктагандан кийин ата-энесинин жолун улантуу максатында 2002-жылы Москва шаарына окууга тапшыруу үчүн келип ошондон бери Москва шаарында иштеп эмгектенип келет.

“Менин ата-энем искусство адамдары мен алардын жолу менен кетүү максатында Россияга театр искусствосу институтуна окуганы келгем. Бирок окуу жайда 2 жыл окуп жашоо шартка байланыштуу иштеш керек болуп бүтпөй калгам. 2002-жылдары эмгек мигранттары үчүн жашоо оор болду. Шарт азыркыдай эмес эле көчөгө чыксаң эле милициялар баса калчу, чөнтөгүңдөгү акчаңды шыпырып алат же алып барып камап кое турган. Бирок алдыга койгон максаттар үчүн тырышып аракеттенүү керек болду. Ошондон бери Москва шаарында калып эмгектенип жүрөбүз. 2007-жылы ишкерликке аралаша баштадым ага чейин ар кандай жумуштарда иштеп, кафе ресторандарда официант болуп эмгектенүүгө туура келди”,-дейт ал.

Мекендешибиз өзүн мекенинен алыс жүргөндөй сезбейт. Бөтөн жерде жердештеринин жаратып жаткан ийгиликтерин кубануу менен кабыл алам дейт.

“Мен Москва шаарында жашап иштеп жүргөнүмө көп жыл болду. Азыр өзүмдү башка өлкөдө жүргөндөй сезбейм. Каякты караба биздин мекендештер. Азыркы кезде чет жерде иштеп жүргөн мигранттар үчүн шарттар оңолуп кыргызстандыктар жакшы өсүп келе жатат десем болот. Москва көз жашка ишенбейт дегендей Москвага келдиңби баардыгын өзүң аракет кылып максатты көздөй умтулуу керек. Москва шаарында ар бир саатын кымбат турат. Бул жакка келип алып акчаны көчөдөн сузуп алам деп ойлогондор жаңылышат. Россияга келдиңби аракеттенип иш кыл. Чынын айтканда россиялыктар куулук-шумдукту сүйбөйт так туура, түз жүргөндөргө жардамын аябайт. Башка улуттарга караганда кыргыздарга жакшы мамиле кылат. Ал бетте Кыргызстанда өз жеринде жашоого эмне жетсин. Бирок Москвага келсе болот, эмгекчил таланттуу жаштарды кулач жайып тосуп алат”,-деген ойун ортого салды.

Баары өзүнүн чакан бизнесин кеңейтүүгө болгон аракетинен улам келип чыккан.

“Мен учурда Россияда азык түлүк дүкөнүн иштетип жүрөм. Мен кыргызстандан ата мекендик товарларды алып келип сатып жатып Кыргызстандан өндүрүлгөн азык түлүктөргө болгон суроо талап бар экенин байкадым. Москва шаарында Белоруссиянын, Армениянын Казакстандын азыктары деген сыяктуу соода жайлары бар. Ошону көрүп эмне үчүн “Кыргызстандын азыктары” деген дүкөн ачса болбойт деген ой менен Россиянын борборуна экологиялык жактан таза кыргыз жеринин азыктарын сата турган дүкөн ачып калдык. Соода түйүнүбүздө атамекендик азыктардын 16-170 түрү бар. Учурда жакшы, бирок көйгөйлөр жок эмес. Товарларды транспортировкалоо, сертфикациялоо жана бажы кыйынчылыктары болуп жатат. Ошентсе да иштеп жатабыз”,-дейт ал.

Ал ишкерликте өз оордун тапканга чейин өзүн көп тармакта сынап көргөн.

“Мен өзүмдү кыйын ишкермин деп айтпайм. Ишкерликти жаңы баштап жаткан ишкермин десем болот. Ишкерликтин ар кандай түрлөрүндө банкротко учурадым, бир топ жаңылыштыктар болду кыскасын айтканда ишкерликти баштаганда эле ийгилик мага жылмайган жок. Бир катар кыйынчылыктардан кийин ийгиликтер аздан болсода жаралып жатат. 2007-жылы курулуш компаиясын ачып бир жылдан кийин ал компаниям ири жоготууга учурады. Бирок кудайга шүгүр азыр жакшы акырындап иштерди жазап жатабыз”,-деп айтып өттү.

Искендер мырза Москва шаарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары өз кардарларын табаарына ишенерин жашырган жок. Ал ишкерлер акчаларын өндүрүшкө жумшап биримдиктин базарларына өз продукцияларын чыгарса деген тилекте жүргөнүн айтат.

“Кыргыз өндүрүүчүлөрү ЕАЭБдин тастыктамасын алып өз товарларын бизге жөнөтүп турса колдон келген аракттерди жасап көмөктөшүп турганга даярбыз. Мени өкүндүргөнү Кыргызстандык өндүрүүчүлөр ЕАЭБдин мүмүкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатат. Аз өндүрсө да, мейли кымбат болсода экологиялык таза продукцияларын биримдиктин рыногуна чыгарса өз кардарларын табат. Кыргызстандык ишкерлер Москва эмгектенип жүргөн ишкерлерибиз менен тыгыз иштешип, биргеликте иш алып барса биртоп ийгиликтер болмок. Москва шаарына Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарлары үчүн атайын көргөзмө жай боло турган соода түйүндөрүн уюуштуруп берүү максатында жүрүп жатам”,-дейт сөзүн бүтүрүп жатып.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!