Маркумдун туугандары: видеобайкоону көрсөтпөй жатышат

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:14

Москвада табылган 2 маркумдун сөөгүн, тактап айтканда жоголгон мекендештерибизди 28-декабрдан бери туугандары издеп жаткан. Бул тууралуу "Фейсбук" колдонуучусу Жылдыз Осмонова билдирди.

Анын айтымында, 28-декабрда маркум Мурат (кара футболкачан) айлыгын алып, 10-январга чейин жумуш жок боло турганын билип, Кыргызстанга учайын деп пландаштырып жаткан. Бирок Москвага келгенине 1 эле ай болгондуктан, көп чыгым кылбай калып эле калсамбы деп ошол күнү Бишкекке чалып, келинчеги менен кеңешкен. Мурат - 3 баланын атасы, евро-ремонт жасап иштеген чебер, 5 маал намаз окуган киши эле.

Москвага келгенинин себеби, 15-февралда экинчи баласына Германияда экинчи операциясы жасалмак , ошого чейин Кыргызстанда убактылуу заказдары токтогондуктан, иштеп келе калайын, операцияга тыйын топтоп алайын деген ниет менен аттанган.

7 жашар баласынын диагнозу - Колостомия с подозрением на синдром Гиршпрунга (4 жылдан бери бул оору менен күрөшүп келишет). Жөнөкөй тил менен айтканда - эл катары дааратканага бара албайт, ичегилеринен заарасы чыгат.

Ал жашаган батирдеги досунун агасы Искен ( ак футболкачан) ошол күнү аны менен сыртка бир балдар менен жолугуп келүүсүнө шерик болсун деп өтүнгөн.
Метро Люблинодогу кыргыздардын " Алмаз" деген кафесине барып, ошол жерде түнкү саат 3кө чейин болушат.

Түнкү 3тө бир кыргыз балдар келип, күч менен машинасына салып алып кетишет.

Ошол күндөн тартып, туугандары издеп келген. Кечээ эле дагы бир жолу тергөө изоляторлорго, ооруканага-моргдорго чалып, жоктошот.
Бүгүн ушундай өлүктөр табылды деп массалык рассылка Ватсапка тарады. Туугандары эбак биринчи болуп бул жаман кабарды угушкан.
Туугандарынын нааразы болгону - аталган кафенин жааматы видеобайкоону карап, кимдер алып кеткенин көрсөтүүсүн өтүнгөндө каршылык көрсөтүп, көргөзбөй, ар кандай шылтоону айткандыгында.

" Эмнеге Москвада кыргыз кыргызга жан тартып, боор бербей калган? Кайра бизге жардам болсун дегендин ордуна, бир нерсени жашыргандай видеобайкоону көрсөтпөй жатышат? " - деп Мурат маркумдун туугандары аябай ызаланышууда.

Маркум Искендердин Москвада келинчеги, бала-чакасы жана туугандары бар экен. Ал эми маркум Мураттын эч кимиси жок болгондугуна байланыштуу маркумдун сөөгүн узатууга жана 7 жашар Аман аттуу баласынын амандыгын тилеп, атасы ниет кылып келген сапарынын үмүтүн үзбөй, уулунун операциясына кол кабышып, колубуздан келген тыйыныбызды которолук, кыргыздар!
3 баласы менен келинчеги боздоп калды аркасында.
Эң улуу баласы - 8 жашта, экинчиси - 7де жана кызы 9 айлык.
Ар бириңиздин жүрөктөрүңүздү кантип ойготоорумду билбей жатам, кабыргам кайышып. Окуп, бөлүшүп коюңуздарды өтүнөм.
Жардам берүү үчүн Сберкартанын номери:
5469 3800 6449 6002 ( Алтынай Капаровна К.)
ЭлСом: 0776 495 312

Жардам бергендердин тизмеси жана отчету Фейсбуктагы Боордошторгруппасында болот.
__
+996 705456537 - маркум Мураттын балдызы Айзаданын номери

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!