Абайлаңыз ашууларда кар бар

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:18

Бардык облустарда күн бүркөө. Ашууларда кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 5-9-чакырым аралыгында саат 08:00 чамасында болжол менен 3 миң метр куб кар көчкү түшкөн.

Унаа жолду тазалоого 1 жүктөгүч жана 2 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жана жоготуулар болгон жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!