16-январда айрым райондордо кар жаайт

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:36

16-январда өлкөнүн айрым райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Өлкөдө абанын температурасы:

Чүй, Талас облусдарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Нарын жергесинде түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Жолдорго муз тоңуп тайгалак болот. Батышкан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -3…-5 градус суук.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!