Бөтөлкөлөшүнөн бычак жеп каза болду

Бөтөлкөлөшүнөн бычак жеп каза болду
16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:38

Далысына жана көкүрөгүнө бычак сайылып 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганада, 14-январда эки эркек жана бир аял ичимдик ичип отурушуп уруша кетишкен натыйжада эркек кишинин бири бөтөлкөлөшүн көкүрөк жана далысына бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага бара жатканда каза болгон.

Аталган факты боюнча “адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!