Муфтияттын сайтына кызыктуу суроо бериңиз!

16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:48

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын www.muftiyat.kg сайтында жарандардын ар кыл маселелери боюнча атайын суроо-жооп сайты ишке кирди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан ары жарандарыбыз дүйнөнүн кайсыл жагынан болбосун www.fatva.muftiyat.kg сайтына кирип, өздөрүнүн суроолорун бере алышат.

Ал эми жарандарыбызды суроолоруна Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адистери бооп беришмекчи. Суроо-жооп сайты жөнөкөйлөштүрүлүп жасалып, ага жарандарыбыздан келген суроолордун жооптору, фатвалар жайгаштырылып турмакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!