​Үч унаа жана бир адам өрттөнүп кетти

16-Янв. 2018, Шейшемби, 12:59

Бишкек шаарында түн ичинде унаа оңдоочу жай өрттөнүп бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Красный строитель конушундагы Бельская көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып дөңгөлөк желимдөөчү жай менен дөңгөлөк сатуучу дүкөндү каптаган. Чыккан өрттүн кесепетинен Toyota Corolla, Audi 100 жана Жигули унаалары толук бойдон күйүп кеткен.

Түн ортосунда чыккан өрт түнкү саат 2:30да толук өчүрүлгөн. Өрттөнгөн жайдын ичинен белгисиз жарандын сөөгү табылган.

Учурда өрттүн пайда болуу себеби такталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!