Москвада кыргызстандык жигит оор кылмыш кылган

17-Янв. 2018, Шаршемби, 13:40

Москвада кыргызстандык жаран 12 жаштагы кызды өлтүргөндүгү үчүн 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Московский комсомолец” басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кылмыш 2016-жылдын 24-декабрында Москва шаарында болгон. Адам өлтүрүүгө шектелип 21 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган.

Кылмышка шектүү менен каза болгон кыздын эжесинин ортосунда чыр болуп, алар эки жолго түшкөн.

Кыздын батиринен жигит өзүнүн буюмдарын алып кетүүнү чечет. Эшикти кыздын кичүү сиңдиси ачкан. Ортодо чыр чыгып кызды ашкана бычагы менен бир нече жолу сайган.

Ал чөнтөк телефонун сатып, анын акчасына Бишкекке чейин билет сатып алган. Шектүүнү аэропорттон колго түшүрүшкөн. Сурактын биринчи эле күнү бардык күнөөсүн мойнуна алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!