​Кырсыктан 11 адам жаракат алды

17-Янв. 2018, Шаршемби, 14:54

Жол эрежесин бузуудан улам унаалар кагышты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош-Ноокат жолунда Алмалык айылында эки жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап Ноокаттагы аймактык ооруканага жеткирилген жабыркагандардын бирөөсү реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Алардын арасында 11 жашар кызда болгон.

Кырсыктын болушуна жеңил унаалардын бири каршы тилкеге чыкандыгы себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!