Абаны булгап жаткандарга чара көрүлөт

18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:32

Автоунаалардан чыгып жаткан зыяндуу түтүндү нормага келтирүү үчүн, унааларды экологиялык кароодон толук өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Себеби, белгиленген нормадан ашыкча иштетилип чыккан уулуу заттар, адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат. Бул багытта, Мамэкотехинспекциянын экологдору атайын текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

"Көпчүлүк учурда тийиштүү нормадан ашыкча уулуу затты бөлүп чыгарып жаткан унаалар, эскирген же болбосо техникалык абалынын начардыгынан улам келип чыгат. Абаны ар кандай уулуу затка булгап жаткан унаалар гана эмес, коомдук жайлардагы жуунучу жеке мончолор, өндүрүш ишканалары жана көмүр колдонгон жеке турак жайлар болуп саналат. Андыктан инспекторлордун текшерүүсүнүн негизинде, экологияга ашыкча зыян алып келип, абаны булгап жаткандарга чара көрүлөт. Себеби, буга чейин жеке мончолордо ар кандай желим жана синтетикалык материалдар (тигуу цехтеринин калдыктары, желим бөтөлкөлөр, дөнгөлөктөр жана эски бут кийимдер ж.б.) жагылып, жагымсыз жыт чыгып жатканы тууралуу коомчулук тарабынан Мамэкотехинспекцияга арыздар келип түшкөн",-деп айтылат маалыматта.

Мындан кийин абаны булгагандарга айып пулдан сырткары, иштетип жаткан ишканасын токтотуу чаралары дагы көрүлөт. Себеби жеке обьектилерде мындай көрүнүштөр өтө көп катталууда. Андыктан Мамэкотехинспекция тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр, көзөмөлдөнгөн тараптар ирээтке келтирилмейинче жүргүзүлөт.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!