Адамдын жырткыч кемирип кеткен сөөгү табылды

18-Янв. 2018, Бейшемби, 15:13

Чолпон-Ата шаарынын пляжында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл обласынын Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, жансыз денени жергиликтүү жашоочулар таап алып милиция бөлүмүнө кабарлашкан.

Учурда оперативдүү-тергөө иштер жүрүп жатат. Жарандын өздүгү тактала элек. Анын денесин жырткычтар кемирип кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!