Опузалап акча сураган милиция тузакка түштү

19-Янв. 2018, Жума, 10:23

Ошто пара талап кылган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ош облусундагы Тепе-Коргон айылдык бөлүмүнүн жетекчиси пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

17-январда Ички иликтөө кызматына 22 жаштагы Х.Ш., аттуу жаран кайрылып, милициянын майору К.К., 200 доллар акча талап кылып, эгер бербесе дүкөнүн жаап коем деп опузалаганын айткан.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!