Элден чогулган 24 кой муктаждарга таратылды

19-Янв. 2018, Жума, 11:11

Жалал-Абад облусундагы Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын имамы элден чогулган 24 кой, 30 миң сомдук акчалай жардамды муктаждарга жана майыптарга таратып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад казыятынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-январда Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имамы Раталы Бүркүтбаев зекет чогултуу иш-чарасын уюштуруп, колунда бар жергиликтүү тургундардан 24 кой 30 миң сом акча чогултуп, 5 жетим-жесир, 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана ошондой эле майыпттарга таратып бергендигин райхатиб Кубанычбек ажы Токонов билдирди.

Эске салсак, Раталы Бүркүтбаев 2015-жылы 12 кой-эчки, 2016-жылы 43 кой-эчки жана 15 миң сом берсе, 2017-жылы 24 кой чогултуп, муктаждарга таркаткан. Ал эми облустук казыят мындай кайрымдуулук иштерин активдүү уюштуруп, аз камсыздарга жардам берип жаткандыгы үчүн Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имам хатиби Бүркүтбаев Раталыга ыраазычылык баракчасын тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!