​Ири көлөмдө баңгизат кармалды

19-Янв. 2018, Жума, 13:52

Өлкөдө ири өчөмдөгү банги заттардын аткезчилик каналдарын аныктоо операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

маалыматка караганда, операциянын алкагында 17-январда кечки саат 19.30 чамасында Сокулук районунда 30 жаштагы жаран 1,87 килограмм гашиш менен кармалды. Ал маңзаттардын негизги бөлүгү таанышынын үйүндө сакталганын айтып берген.

Кошумча текшерүүнүн жыйынтыгында дагы 14,58 килограмм салмактагы гашиш табылды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага тийиштиги барлар изделип жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!