Бишкек мэриясына 788 арыз келип түштү

19-Янв. 2018, Жума, 14:44

Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна бир жуманын ичинде 788 арыз жана кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

2018-жылдын 12-январынан 18-январына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 788 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 109 кайрылуу.

Катталган кайрылуулардын жана арыздардын ичинен 55 кайрылуу аткарылды.

"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыздар жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыздар",-деп билдирет мэриядан.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!