​65 миң турак-үй камсыздандырылган

20-Янв. 2018, Ишемби, 15:05

Өлкөдө 65 миң жаран өз турак-жайын камсыздандырды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.

Маалыматка караганда, камсыздандырылган үйлөрдүн 50 пайызы Ош областына тиешелүү. Башкача айтканда Ош областында 32 миң 500 жаран өз үйүн камсыздандырган.

Эскерте кетсек, турак-жайды камыздандыруу анын жайгашкан аймагына ылайк жүргүзүлөт. Шаарда анын жылдык аксы 1200 сом болсо, айыл жеринде 600 сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!