​Россияда кыргызстандыкты автобус басып калды

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:51

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды автобус басып калып каза тапты. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе районунда автобустун 37 жаштагы айдоочусу унааны оңдоо максатында домкрат менен көтөртүп автобустун астына кирген. Домкарат иштен чыгып унааны таштап жиберген. Унаага басылган айдоочу оор жаракат алып ошол жерден жан берген.

Учурда укук коргоо кызматкерлери кырсык боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!