​Кичи автобустар кызмат көрсөтүүсүн токтотот

23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:45

Кичи автобустар калкты тейлөөнү токтотот. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, күзүндө Бишкек шаарында эл ташыган кичи автобустар калкка кызмат көрсөтүүсүн токтотот. Өкмөт мындай чечимге олуттуу киришти. Ага ылайык Бишкек шаарынын тургундарын тейлөө үчүн жаңы 350 автобус сатылып алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!