Шашылыш эскертүү: 45 градуска чейин суук болот

23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:52

Өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

26-январдан тарта күн кескин өзгөрүүсү мүмкүн. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 15…-20 градус, күндүз 10…-15 градус суук болот.

Чүй облусунун түндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 25 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…-14 градус, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15…-20 градус, күндүз 2…-7 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 21…-26 градуска чейин суук болору айтылды.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 25…-30 градус суук болсо, күндүз 20 градуска чейин төмөндөйт.

Бийик тоолуу райондордо сууктун күчү түнкүсүн 30…-35 градус, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 40 градуска чейин жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

27-29-январда абанын температурасы мындан да төмөн болот.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 20…-25 градус, күндүз 11…-16 градус суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн 25…-30 градус, күндүз 14…-19 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…-16 градус, күндүз 2…-7 градус;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 17…-22 градус, күндүз 4…-9 градус суук, тоо этектеринде түнкүсүн 23…-28 градус, күндүз 13…-18 градус;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 30…-35 градус, күндүз 17…-22 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 34…-39 градус, күндүз 24…-29 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 40…-45 градус, күндүз 28…-33 градус суук болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!