Катуу суук 30-31-январга чейин созулат

24-Янв. 2018, Шаршемби, 16:17

Арктикалык аба агымдарынын келишине байланыштуу Кыргызстанда кескин суук болууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, муздак аба агымдары Кыргызстанга түндүктөн келген арктикалык муздак антициклондун таасири. Анын очогу Сибирде, Новосибирск менен Усть-Каменогорск аймактарынын ортосунда жайгашкан. Учурда аномалдуу суук Урал, Ыраакы Чыгыш жана Орто Азия өлкөлөрүн камтууда. Ал эми Кыргызстан аталган антициклондун чет жагында болуп турат.

Арктикадан келген аба массалары муздак жана кургак болгондуктан Кыргызстандын айрым райондорунда гана мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Анциклон таасири 30-31-январга чейин сакталат, андан кийин аба-ырайы кайра жылуу тартат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!