​«Курак учукту алдын алуу» иш-чарасы болот

10-Март 2017, Жума

«Курак учукту алдын алуу» боюнча иш-чара болот

14-мартта Бишкектеги №15 Үй-бүлөлүк медициналык борбордо саат 9:00дө Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө жана 2017-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейинки өткөрүлө турган айлыгына арналган «Курак учукту алдын алуу» аталышта тегерек стол өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столду Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо борбору өткөрөт. Мында кургак учукка каршы шаардык борбордун дарыгерлери, кварталдык комитеттер, саламаттык боюнча коомдук комитеттердин мүчөлөрү, №6, 11 жана «Асанбай» кичи райондорунун тургундары, саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери катышат.

Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен жыл сайын 24-мартта белгиленет. Дал ушул күнү немец микробиологу Роберт Кох кургак учук таякчасын ачкандыгы тууралуу билдирген. Бул күндү белгилөө дүйнө коомчулугунун назарын кургак учукту алдын алуу жана дарылоо маселесине бурдуруу болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!