​Беш ай мурда дайынсыз жоголгон кыз табылды

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:46

16 жаштагы кыргызстандык жаран Казакстандын Алматы шаарынан табылды. Бул тууралуу Алматы облусунун ИИДси билдирди.

Маалыматка караганда, жоголгон кыздын апасы 2017-жылдын август айында милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. 16 жаштагы кыз апасы менен Кыргызстандан келип, Енбекшиказак районунда каттоого турушкан, бирок факты боюнча ал жакта жашаган эмес. Ошондуктан өспүрүмдү издөө иштери кечеңдеген.

Кыз Алматыдагы бир тууган жеңесиникинде жүргөн. Жеңеси кызга боору ооругандыктан айтпай жүргөн. Анткени, кыз андан үй-бүлөдөгү ар дайымкы чыр-чатактан улам апасына айтпоону суранган. Ал буга чейин да үйүнөн бир нече жолу качкан. Ага байланыштуу полиция кыздын үйдөн качуу себебин тактоодо.

Учурда кыз апасына кайтарылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!