Балыктардын айрым түрү жоголуп кетүү коркунучунда

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:57

Айрыкча акыркы кезде балыктарга кол салгандардын саны көбөйүп, мындан улам балыктардын айрым түрлөрү жоголуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жыл жыйынтыгында айтылды.

"Буга байланыштуу Экотехинспекция балыктардын корун коргоодо, тийиштүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте жеринде иш алып барууну күчөтүү тапшырмасын койду. Тагыраак айтканда, балык кору боюнча кезексиз коллегияны Ысык-Көл жергесинде өткөрүүнү сунуштады. Себеби, инспекторлордун текшерүүлөрүнө карабай балыкты мыйзамсыз кармаган жана саткандардын аягы тыйылбай келет",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!