Экотехинспекция ишканаларга эскертүү берди

27-Янв. 2018, Ишемби, 17:18

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк көйгөйгө байланыштуу түйүндүк суунун басымы нормадан төмөндөгөн. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу атайын адистерден турган ыкчам топ ондоп-тузоо жана температураны калыбына келтируу иш-аракеттерин көрүшүүдө.

"Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгы электр станцияларынын иштөөсүнө оорчулук жаратпоо жана авариялык абалды алдын алуу максатында борбордогу электр энергиясын пайдаланган ири ишканаларды, көңүл ачуу жайларын, кафе, мончо жана унаа жуучу жайларды 27-28-январь күндөрү электр энергиясын аз өлчөмдө жана үнөмдүү пайдалануусун эскертет",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!