Үйдөн чыккан өрт адам өмүрүн алды

30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:09

Аламүдүн районундагы Пригородный айылында өрт кырсыгы катталып, бир адамды өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үйдүн жашоочу бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүлгөндөн кийин куткаруучулар үйдүн ээси 1952-жылы туулган Александр Гагарин аттуу жарандын жансыз денеси табышкан.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!