Бишкек ЖЭБине кылмыш иши козголду

30-Янв. 2018, Шейшемби, 13:20

Башкы прокуратура тарабынан өкмөттү кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоонун айланасында топтолгон материалдардын натыйжасында шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин, башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын, “Электр станциялары” ААКнын жана Бишкек ЖЭБдин кызмат адамдарынын КР өкмөтү тарабынан бекитилген күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча кызматтык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгынын натыйжасында 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде такталбаган себептер боюнча жабдуу иштен чыккан.

Жылуулук менен камсыздоо температуралык режиминин бир топ төмөңдөшүнүн натыйжасында аба ырайы суууктаган күндөрү Бишкек шаарынын көп бөлүгү “Тунгуч”, “Аламүдүн”, “Көк-Жар”, “Чыгыш-5”, 5-кр., 4-кр., 3-кр., 6-кр., 7-кр., 8-кр., 10-кр., 12-кр., 11-кр., “Асанбай”, “Улан”, “Юг-2” кичирайондору, ошондой эле социалдык мекемелер, №3 балдар ооруканасы, №1 балдардын кургак учук ооруканасы, №4 төрөт үйү жана башка социалдык объекттер жылуулуксуз калышкан.

Козголгон кылмыш иши тиешелүү тергөө чараларын жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди. Тергөөнүн жүрүшүндө бардык зарыл болгон эксперттик бүтүмдөрдү алуунун натыйжасында күнөөлүүлөр аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!