Агенттикте ири көлөмдө мыйзам бузуу болгон

30-Янв. 2018, Шейшемби, 15:59

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 31,8 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, материалдык чыгым 9 млн. сом, эмгек акыны негизсиз төлөө 0,8 млн. сомду түзгөн.

Ал эми командировкалык чыгымдарга 0,1 млн. сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 9,2 млн. сом, дебитордук жана ашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар 7,9 млн. сом болгон.

Ошондой эле, бюджеттин кирешесине кошумча 4,6 млн. сом, Социалдык фондо – 16,5 миң сом ашыкча эсептелип берилген.

Каржы бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 31,2 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!