​Бишкекте газ өчүрүлөт

13-Март 2017, Дүйшөмбү

15-марттан 22-мартка чейин Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жумага созулган оңдоо иштеринде Буурдинская көчөсүнүн Темиров, Месарош жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы убактылуу 308 абонентке берилбейт.

Мындан улам көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!