​Шахтыда адамды таш басып калды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 11:00

Мыйзамсыз көмүр казылып жаткан шахтада бир адамды таш басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министриги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Жалал-Абад облусунун Алай районундагы Кара-Тыт айылындагы болгон. Анда Аксы районунун Жолборсту айылынын тургуну 1992-жылы туулган М.Ч. аттуу жаранды таш басып калган.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:38де КР ӨКМнин 12 куткаруучу тартылып, кечки саат 21:30да маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан. Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!