​Өзбекстандык жаран чек арадан өтүүгө аракет кылган

1-Фев. 2018, Бейшемби, 11:39

Кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол-автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январда 1990-жылы туулган өзбекстандык жаран башка бирөөнүн паспорту менен Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.

Учурда тийиштүү документтер даярдалып, кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!