Жаратылыш газы 14,34 сомго бааланды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 13:23

Февраль айына карата жаратылыш газынын баасы калк үчүн бир куб метри 14,34 сом деп аныкталды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өнөр жай, коммерциялык ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен газдын бир куб метри 17,59 сомду түздү.

Эске салсак, январь айында газ калк үчүн 14,42 сом, ишканалар үчүн 17,67 сомду түзгөн.

Газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!